Кыргызстандык спортчулар Эр-Риядда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат

Спорт 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Эр-Рияд шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, департменттин директорунун орун басары Самат Токтоналиев оюндарга катыша турган спортчуларды кабыл алып, аларга ийгилик каалады.

"15 спорттун түрүнөн өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндары спортчулардын тажрыйбасын арттырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Өлкөнүн намысын коргоп желегин желбиретип келесиңер деп ишенебиз", – деди ал.

Белгилей кетсек, аталган оюндарга КР самбо, джиу-джитсу, карате жана грепплинг боюнча курама командаларынын мүчөлөрү катышат. Мелдештер 20-30-октябрь күндөрү спорттун 15 түрүнөн (айкидо, дзюдо, жиу-житсу, каратэ, кендо, бокс, кикбоксинг, муай-тай, самбо, савате, сумо, таэквондо, күрөш, ушу, фехтование) беттештер өтөт.

Жиу-житсу боюнча:

- 94 кг чейинки салмакта Руслан Сагдеев.

Грепплинг боюнча курама команда:

- 100 кг Евгений Слесаренко;
- 66 кг Сыймык Махмедов;
- 71 кг Бүбүсайра Абдилманап кызы;
- 58 кг Женишгүл Абдырахман кызы.

Самбо боюнча курама команда:

- 98 кг Бекназар Жээмырзаев (күжүрмөн самбо);
- 88 кг Жамалбек Асылбек уулу (спорттук самбо);
- 65 кг Мираида Медетбек кызы (күжүрмөн самбо);
- 79 кг Адилет Алымкулов (көзү азиздер арасында спорттук самбо);

- машыктыруучу – Максат Обонов;
- башкы машыктыруучу – Азамат Казакбаев.

Карате боюнча курама команда:

- 50 кг Умида Айсаева;
- 75 кг Назим Нурланов.

Пикир

Оставить комментарий