• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык спортчулар Италияда “темир адам” титулунун ээси болушту

Спорт 0

Бишкек, 25.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Айбек Куренкеев менен Айбек Надырбеков Италияда Ironman (темир адам) титулунун ээси болушту. Бул тууралуу КРдин триатлон федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрда Червия шаарында (Италия) триатлон боюнча эң кыйын мелдештердин бири - Ironman 140.6 өткөн.

Спортчулар 4 чакырым сүзүп, 185 чакырым велосипед менен өтүшүп, 42 чакырым тынымсыз чуркашкан. Куренкеев аралыкты 12 саат 53 мүнөт 48 секундда, ал эми Надырбеков 13 саат 16 мүнөт 23 секундда басып өтүшкөн.

“Чын дилибизден куттуктайбыз. Силер – Кыргызстандын сыймыгысыңар”,-деп билдиришти федерациядан.

Эске сала кетсек, КР спорт тарыхында мындай жогорку деңгээлдеги титулдун ээси Канат Келсинбаев болгон.

Пикир

Оставить комментарий