Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар ММА (Gamma) боюнча Азия чемпионатында 11 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 10-13-ноябрда Таиландда өтүп, анда кыргызстандык спортчулар 6 алтын, 1 күмүш жана 4 коло багындырышты:
1-орун — Жаныбек Бейшебек уулу;
1-орун — Ражабали Шайдуллаев;
1-орун — Адис Таалайбек уулу;
1-орун — Арген Маратбек уулу;
1-орун — Фарида Абдуева - Страйкинг;
1-орун — Фарида Абдуева - ММА;
2-орун — Касиет Кубанычбек уулу;
3-орун — Эрлан Улукбеков;
3-орун — Шергазы Болотбек уулу;
3-орун — Саша Кононенко;
3-орун — Касиет Кубанычбек уулу.
Пикир
Оставить комментарий