• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кыргызстандык төкмө акын кыздар эл аралык айтышта жеңүүчү болушту

Маданият 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Казакстанда жана Монголияда өткөн эл аралык айтышка катышып кайткан төкмө акындарды кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандык төкмө акын Нурайым Бактияр кызы казакстандык белгилүү инсан Бибижамал Абзалованы элесинен арналып өткөн "Жаңа жоомарт - Жамал ана" эл аралык айтышында экинчи орунду алган. Иш-чара Чымкент шаарында өткөн.

Ал эми төкмө акын, Элмирбек Иманалиевдин шакирти Изат Айдаркулова Монголиянын Кобда аймагында өткөн “Алтайым аскар бийигим” аттуу эл аралык айтышта экинчи орунду камсыз кылган. Айдаркулова ошондой эле “Жигердүү жаштар” аталыштагы медаль менен сыйланган.

Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев таланттуу акын кыздарды жеңиши менен куттуктап, алган сыйлыктарын тапшырды.

Кыргыздын намысын коргоп, эл аралык айтышта байгелүү келген эки акын кыз Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенишет.

Пикир

Оставить комментарий