• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Манас” эпосунун академиялык 6 томдугу жарык көрдү - УИА

Маданият 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин “Семетей” эпосунун академиялык басылышынын алты тому жарык көрдү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, томдуктар Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, “Турар” басмасында 1000 нуска менен жарык көрдү . “Буга чейин “Манас” эпосу төрт том болуп чыккан болчу. “Семетей” эпосу манасчынын эң көлөмдүү варианты. Анда 200 миң саптан ашык ыр камтылган. Академиялык басылыш болгондуктан илимий комментарийлер жана түшүнүктөр берилген. Академиялык варианттарды басмага даярдагандар: институттун кызматкери Айнек Жайнакова, илимий редактору академик Абдылдажан Акматалиев”,-деп айтылат билдирүүдө.

“Манас” эпосунун академиялык басылыштарын даярдоо 1992-жылы башталган эле. Ал кезде директор катары “Манас” бөлүмүндөгү кызматкерлерди “Сагымбай таануу” жана “Саякбай таануу” деген эки группага бөлүп, академиялык басылыштарды даярдай баштаганбыз. “Сагымбай таанууну” Самар Мусаев, “Саякбай таанууну” Айнек Жайнакова жетектеди. Иш өтө татаал жана жоопкерчиликтүү болду, мындай чоң көлөмдөгү эпостун академиялык басылыштарын даярдоодо үлгү жок болчу. Ошентсе да иш процесси жүрүп кетти. Бирок, бизди кыйнаганы басып чыгарууга каражат жок болуп жатты. Жада калса “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда китепке каражат толук бөлүнгөн эмес эле. Биз улам-улам республикалык жетекчиликке кайрылып жаттык, акыры академиялык басылышты 2012-2017-жылдарда “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү боюнча Улуттук программага киргиздик. Бул программаны ишке ашырууда да тоскоолдуктар болду. 2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы академиялык басылышы толук жарык көрүп, Билим берүү жана Маданият министрликтерине өткөрүп бердик. Ал эми Саякбай Каралаевдин академиялык басылышын чыгаруу аякталып калды. “Семетей” бөлүмүнө бир аз каражат бөлүнсө эле толук бүтөт. Негизги максат орундалды, чындыгында өтө кубанып, китептердин бет ачарына даярдануудабыз”,- деди академик А.Акматалиев китептердин чыгышы тууралуу.

Пикир

Оставить комментарий