• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда диний окуу мекемелеринде светтик билим дагы берилет

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Кыргызстанда диний окуу мекемелеринде светтик билим дагы берилет. Бул тууралуу бүгүн тегерек столдо көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, орточо диний билим берүү мекемелеринде 8 светтик сабак өтүлөт.

“Жогорку диний окуу жайларында 10 светтик сабак өтүлөт. Эскерте кетсек, бүгүн өлкөдө бардык диний мекемелердин 90%ы иштейт. Коомчулукта диний кызматкерлерге талап бар, ошондуктан кадрдык мүмкүнчүлүктү даярдоо зарылчылыгы келип чыгууда. Белгилүү болгондой, 90-жылдары көпчүлүк жаштар диний билим алууга чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Кийин жергиликтүү медреселерде билим алгандар менен чет өлкөдөн билим алып кайткандардын ортосунда чоң айырма болгону аныкталган. Буга социалдык жана саясий кырдаал таасир этет. Мисалы, Кыргызстанда көп улуттар жана диндер бар, ага ылайык окутуу ушуну эске алуу менен жүргүзүлөт. Дагы бир көйгөй жергиликтүү медреселерде дин гана окутулганы болуп саналат. Ошондуктан биз бүгүн светтик сабактарды дагы киргизип жатабыз. Бул математика, орус тили, кыргыз тили, адабият, чет тил, география, тарых, укук таануу жана жана жарандык укук сабактары”,-деди ал.

Ошондой эле, эксперт диний билим берүү орто жана жогорку, балдар үчүн диний ийримдер, кыска мөөнөттүү ийримдер, чоңдор курсу жана кадрларды кайра даярдоо болуп бөлүнөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий