• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандык туроператорлор Парижде эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

Коом 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. 3-6-октябрда Париж шаарында жыл сайын өтүүчү "France IFTM-2023" эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат жана ага Кыргыз Республикасынын делегациясы биринчи жолу катышууда.

Делегациянын курамында КР туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти А.Шерниязов жана фонддун кызматкерлери, ошондой эле "Asia Expedition", "Central Asia Tours", "CAT Company", "Ali Asia Tours", "Economad", "Global Invest" туристтик фирмалардын өкүлдөр . катышууда.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияздын жана "Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКнун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз стендинин ачылыш аземи өттү.

Кыргыз делегациясынын көргөзмөгө катышуусунун алкагында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири көрсөтүү максатында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий