• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык У.Дүйшөнбиев «Vladivostok Ice Run» 2-эл аралык муз жарышына катышты

Спорт 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргызстандык Урмат Дүйшөнбиев 25-февралда болуп өткөн «Vladivostok Ice Run» 2-эл аралык муз жарышына катышты деп билдирди “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, жарышка Россия, АКШ, Япония, Кытай, Түштүк Кореяжана Бельгиядан 700дөн ашык адам катышкан. Алар Рус аралынын Новик булуңундагы музду басып өтүштү.

Жарыш 5,10,21,1 км аралыкка чоңдор үчүн жана 500 метр аралыкка балдар үчүн эсептелген. Биздин спортчу 10 км трасссада жарышып, 130 спортчудан 18-орунду ээледи.

У.Дүйшөнбиевдин айтымында, жарышка ал өз кесиптештери менен бирге катышкан. 2011-жылдан тартып ал үй-бүлөсү менен Владивостокто жашап эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий