• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Мурас Юнайтед" футболдук клубу Кыргызстандын Кубогун утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 17.09.23./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Кубогун Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" футболдук клубу утту.

Финалдык беттеш күн мурун Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Башкы олжо үчүн беттеште Премьер-лиганын дебютанты "Мурас Юнайтед" өлкөнүн учурдагы чемпиону канттык "Абдыш-Ата" клубун 2:1 эсебинде артта калтырды.

Бул жеңиш "Мурас Юнайтед" клубуна 2024-жылы Кыргызстандын Супер кубогу үчүн беттеште ойноого, ошондой эле АФК Кубогунун 2024-жылкы сезонуна тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Кубогу 32-жолу ойнотулду.

Сүрөт: КФС

Пикир

Оставить комментарий