• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Кыргызстандык "Ван Дамм" Галкиндин таланттар шоусунда баарын таң калтырды – видео

Коом 0


Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таширов айылынын 10 жаштагы тургуну Мухаммад Али Хасанахунов Максим Галкиндин "Мыкты" ("Лучше всех") берүүсүнө катышып, өз өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырды.

Анда Мухаммад Али турникте баары эле аткара албаган ыкмаларды, атактуу актер Жан-Клод Ван Даммдын шпагатка отуруу ыкмасын көрсөтүп, жалпы көрүүчүлөрдү таң калтырган.

Баланын айтымында, аны "Али Ван Дамм" деп атап коюшат. Келечекте ал тхэквондо боюнча Олимпиада чемпиону болууну каалайт. Азырынча атасынын кол алдында машыгып, баардык ыкмаларды интернет аркылуу үйрөнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий