• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сапатсыз бут кийим сатып алган шаар тургуну акчасын кайтарып алды

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын А.Д. аттуу тургунуна борбордук дүкөндөрдүн биринен сатып алган сапатсыз бут кийимдин акчасын кайтарып беришти. Бул тууралуу Октябрь райондук администрациясынан кабарлашты.

Берилген маалыматка ылайык, аталган райондун администрациясына калаа тургуну кайрылып, сапатсыз бут кийим саткан дүкөндөн короткон каражаттарын кайтарууга көмөктөшүүнү суранган.

“Райондук администрация арыздануучуну КРнын “Кардарлардын укугун коргоо тууралуу” мыйзамы менен тааныштырган. Аталган мыйзамда, сатуучу өзү саткан сапатсыз товардын толук баасын кайтарып берүүгө же аны сапаттуу товарга алмаштырып берүүгө милдеттүү”, - деп кабарлашты муниципалитеттен.

Бул окуянын соңунда кардарга сатып алган бут кийимдин толук баасы кайтарылып берилген.

Ушундай окуяларга туш болгон шаар тургундары Бишкек шаарынын Октябрь районунун муниципалдык администрациясына Байтик – Баатыр көч. 17 дареги жана (312) 57-63-92 телефондору боюнча кайрылса болот.

Андан тышкары монополияга каршы мамлекеттик агенттигине (312) 56-33-05, (312) 56-31-70 телефондору аркылуу билдирүү калтырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий