Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүктөр Ташкенттеги эл аралык марафондо 3 алтын, 1 күмүш байге жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.
Марафон (42 чакырым 195 метр) аралыгында эркектер арасында Илья Тяпкин 2 саат 21 мүнөт 39 секунд көрсөткүчү менен алтын медаль жеңди.
Ал эми ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Гүлшаной Сатарова (2 саат 34 мүнөт 50 секунд) 1-орунду ээледи.
Жарым марафон (21 чакырым 97 метр) аралыгында эркектер арасында Нурсултан Кенешбеков 1 саат 4 мүнөт 13 секунд көрсөткүчү менен алтын медалдын ээси болду.
Ушул эле аралыкта кыз-келиндер арасында Мария Коробицкая күмүш медаль тагынды.
Жарым марафон аралыгында ошондой эле Айтпай уулу Бердигул 4-орунду ээледи.
Пикир
Оставить комментарий