• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстандык жаран 14 баш уйду Өзбекстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Чек арачылар мамлекеттик чек арадан малды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 14-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Таза-Суу жергесинде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын жараны 1986-жылы туулган А.К.ны кармашкан, ал 14 баш уйду Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган.

Алдын ала маалымат боюнча, мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган малдын баасы 600 миң сомду түзөт.

2021-жылдын 15-ноябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек арага жакын жерден 8 баш бодо малды табышкан. Малдын биркалары жана жаныбарларды идентификациялоочу башка каражаттары жок болгон. Чек арага жакын жерде мал кароосуз калган.

Белгиленгендей, малдын ээлерин аныктоо максатында чек ара заставасына айдалып келген. Чек арачыларга 1982-жылы туулган КР жараны Т.Р. кайрылып, мал ага таандык экенин айткан, бирок мал аныкы экенин далилдөөчү документтери болгон эмес. Муну менен катар аталган жаранда тиешелүү документтери жок 12 мм калибрдүү аңчылык куралы болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана мал андан ары иликтөө максатында компоненттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий