• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстандык жаран Өзбекстанга дээрлик $21 миң чыгарып кетүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын жаран "Достук-автожол" өткөрүү бекети аркылуу Өзбекстанга дээрлик 21 миң доллар алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик коммитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 09:00дөр чамасында 1988-жылы туулган жаран Н.С. өткөрүү жайына келген. Чек ара көзөмөлдөн өтүү учурунда анын жанынан ири суммадагы чет элдик валюта - 20 900 АКШ доллары табылган.

Бул жаран валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттары андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий