• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

2022-жылы кылмыштардын бирдиктүү реестрине 45,3 миң кылмыш иши катталган

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын 12 айында кылмыштардын бирдиктүү реестрине 45 миң 392 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, жалпы өндүрүштөгү кылмыш иштеринин ичинен 29 миң 486 кылмыштын бети ачылып, 19 миң 529 иш сотко жөнөтүлгөн.

“Ошондой эле ички иштер органдарына 243 миң 497 кылмыштар жана окуялар тууралуу арыз түшкөн. Анын ичинен 45 миң 392си боюнча кылмыш иши козголуп, 147 миң 647 кылмыш боюнча иш козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуунун басымдуу бөлүгү мезгилсиз өлүм, майда бейбаштык, материалдык чыгым жана жол кырсыктары сыяктуу фактылар болуп эсептелет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий