• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандыктар 2021-жылдын 9 айында канча укуктук консультация алышкан? Статистика

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Консультациялык-укуктук жардамдын алкагында 2021-жылдын 9 айында 34 миң 421 укуктук консультация берилген. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 18 миң 233у аялдар жана 15 миң 201и эркектер.

Белгилей кетсек, консультациялык-укуктук жардам юстициянын аймактык башкармалыктарынын алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору тарабынан көрсөтүлөт.

Жарандык статусу жагынан алганда:

¾ 31070 Кыргыз Республикасынын жараны;

¾ 2301 чет өлкөлүк жарандар;

¾ 62 жарандыгы жоктор;

¾ 1 качкын.

Социалдык статусу боюнча алганда:

¾ 154 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү;

¾ 631 балдар;

¾ 7992 жумушсуздар;

¾ 14609 жумуштуулар;

¾ 6512 пенсионерлер;

¾ 3536 аз камсыз болгондор.

Маалымдама: укуктук-консультациялык жардам өзүнө Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымат берүүнү; укуктук маселелер боюнча консультация берүүнү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамды; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына кирбеген жардамдын башка формаларын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий