Эми кыргызстандыктар батир сатып алууда курулуп жаткан объектинин мыйзамдуулугун онлайн текшере алат

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/ Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан курулуш объекттеринин электрондук реестри ишке кирди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен (Мамкурулуш) билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, калк арасында резонанс жараткан өтө курч маселелердин бири болуп, курулуп жаткан көп батирлүү үйлөрдөн жеке турак жай сатып алуу маселеси саналат.

Алсак, сатып алынып жаткан кыймылсыз мүлк жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле Мамлекеттик курулуш агенттигинин ишин жакшыртуу максатында, мекеме тарабынан Кыргызстандын аймагында курулуп жаткан курулуш объекттеринин электрондук реестри ишке кирди.

Колдонуучу курулуш объектиси жөнүндө кызыккан маалыматты эркин ала алат.

Мындан тышкары, курулуштун мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү портал менен интеграцияланган.

Колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн бул портал ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий