Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра ибадатын (кичи ажылык) уюштурууну баштады.
Муфтияттан билдиришкендей, кичи ажылыкка баруунун баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт.
"Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышы зарыл", - деп айтылат маалыматта.
Зыяратчылар төмөнкү телефон номерлер аркылуу толук маалымат ала алат: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.
Пикир
Оставить комментарий