• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк: Жыл башынан тарта 19 акча алмаштыруу жайына айып салынды

Коом 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын башынан тарта 19 акча алмаштыруу жайына айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акча алмаштыруу бюролору тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда Улуттук банк тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт. Алмашуу операцияларын жүргүзүү боюнча талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында көзөмөлдүк иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

2022-жылдын башынан бери төмөнкү текшерүүлөр жүргүзүлдү:

- 105 алмашуу бюронун ишине;

- Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштырууну жүргүзгөн 52 жеке жакка.

Алардын жыйынтыгында төмөнкү чаралар колдонулган:

- 28 жазма буйрук;

- 19 бюрого 55 миң сомдон айып салынды (жалпы суммасы 1 млн 45 миң сомду түзөт);

- 37 жеке адамга 17,5 миң сомдон айып салынды (жалпы суммасы 647,5 миң сомду түзөт);

Мындан сырткары, беш алмашуу бюронун лицензиясы кайтарылып алынган жана айрым алмашуу бюролорунун лицензиялары 13 жолу убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий