• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Россияга кете турган кыргызстандыктар үчүн миграциялык борбор түзүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Иштөө үчүн Россияга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн миграциялык борбор түзүү сунушталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай демилгени Жогорку Кеңешитин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев күн мурун Чолпон-Ата шаарында Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен болгон жолугушууда көтөрдү.

Ошондой эле жолугушууда этностор аралык байланыштарды чыңдоо жана Россиянын аймагында иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Борис Чернышов эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү окуя боло турган Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин Кыргызстанга болчу сапары тууралуу айтып берди.

Талкуу учурунда тараптар учурдагы маселелерди ыкчам чечүү үчүн парламент спикерлеринин орун басарларынын ортосунда видеоконференция форматында үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү, парламенттер аралык форум түзүү демилгелерин колдошту.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери стратегиялык маанилүү чечимдерди кабыл алып жатканын, ал эми парламенттердин милдети – аларды парламенттер аралык деңгээлде ишке ашырууну камсыз кылуу экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий