• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2018-жылдагы ажыларды эмдөө дарысын «Фарватер» фирмасы алып келет

Коом 0

Бишкек, 22.02.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү 2018-жылкы ажылык мезгилинде ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда сынак өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Сынакка жалгыз «Фарватер» фирмасы катышууга арызын берип, сынактын жүрүшүндө аткаруу кызматтары, эмдөө дарыларын алып келүү убактысы жана баалары боюнча талкууланды. Өткөрүлгөн конкурста «Фарватер» фирмасы эмдөө дарыларын ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабыкойгон мөөнөттө алып келүү боюнча убадасын берип, канаттандыраарлык деп табылып, 2018-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын курамытарабынан тандалып алынды.

Конкурска 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, республикалык эмдөө борборунун өкүлү Калилов Жолдош Сапарович, БТК, ДИМК, КРнын саламаттык сактоо министрлигинен, ИИМ, МУКК, чек ара, транспорт министрлигинин өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий