• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстандын мектептеринде "эс алуучу" бөлмөлөр пайда болот

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын мектептеринде психологиялык жактан эс алууга жардам берүү бөлмөлөрү пайда болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымы боюнча, азырынча мектептерде мындай бөлмөлөрдү ачуу пландалып гана жатат. Бирок, учурда бул сунуш өкмөттүн аппаратында каралып, аягына чыгууда.

“Каржы министрлиги каражат бөлүп берип, эми ар бир мектепте логопед, психолог жана башка керектүү адистер иштеп баштайт”, - деди Жусупбекова.

Ал белгилегендей, мектептерде коопсуз чөйрө куруунун алкагында ар бир мектепте медициналык бөлмө ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий