• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандын мектептери мурдагыдан коопсуз болот – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын мектептери мурдагыдан коопсуз болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымы боюнча, министрлик 2018-2019-жылы К. Аденауэр атындагы Фонд жана БИОМ экологиялык кыймылы менен биргеликте мектептерде коопсуздукту күчөтүү багытында саясатты жана аны ишке ашыруу ыкмаларын иштеп чыгуунун үстүндө иш жүргүзгөн.

Талаптар бир катар параметрлер боюнча коюлган: физикалык жактан – имараттар, экологиялык жактан – жашылдандыруу, жарыктандыруу, абанын курамы ж.б. психологиялык жактан – балдардын окуусу жана кызматкерлерге эмгектенүүсү үчүн ыңгайлуулук жана маалыматтык.

Министрдин орун басарынын айтымында, коопсуз окуу чөйрөсүн түзүүнүн негизги нормалары жана механизмдери Кыргызстан боюнча 11 мектепте апробациядан өттү.

“Заманбап коопсуз чөйрө мектеп администрацияларынын, ата-энелердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын активдүү катышуусу менен өттү”, - дейт Жусупбекова.

Пикир

Оставить комментарий