Корея Кыргызстанга борборлоштурулган АСКУЭ системасын өнүктүрүүдө көмөк көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Корея Кыргызстанга улуттук борборлоштурулган АСКУЭ системасын өнүктүрүүдө көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) билдирет.

Долбоор боюнча талкуу протоколуна KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонгсунун катышуусунда КР энергетика министринин орун басары Байгазиев Талайбек жана Корея Республикасынын элчиси Ли Вон Жэн кол койгон.

Долбоорду KOICA Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен биргеликте ишке ашырат. Анын алкагында 1,5 млн акылдуу эсептегичтерге борборлоштурулган АСКУЭ системасы түзүлөт, операциялык борбор курулат.

Маалыматта айтылгандай, бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу электр энергиясын бөлүштүрүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатып, электр чубалгыларындагы жоготуулардын деңгээлин төмөндөтүүгө жетишсе болот.


Маалымат үчүн: АСКУЭ — электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык өлчөө системасы.

Пикир

Оставить комментарий