• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстандыктар чет өлкөгө саякаттоого көбүрөөк каражат жумшай баштады

Экономика 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөргө эс алууга көбүрөөк каражат жумшай башташты.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында кыргызстандыктардын чет өлкөлөргө чыгашалары эсеп боюнча 280,1 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,9%га өскөн.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында туристтик фирмалар аркылуу 26,8 миң адам саякаттоого жөнөтүлгөн, анын ичинен 21,5 миңи башка мамлекеттерге жана өлкө ичинде саякаттаган Кыргызстандын жарандары, 5,3 миңи Кыргызстанга келген башка мамлекеттердин жарандары.

Ал эми чет элдик жарандарды кабыл алуудан түшкөн киреше үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эсеп боюнча 479,7 млн долларды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,8%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий