• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандыктар грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында 4 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 20.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. КР спортчулары Азербайжанда өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында бир алтын, күмүш жана эки коло медаль уткан. Бул тууралуу команданын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.

Анын айтымы боюнча, мелдеш Бакуда 18-октябрда старт алган. Анда 25 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Мелдешке 1998-1999; 2000-2001-жылы туулган жеткинчек балдар, 2002-2003, 2004-2005-жылкы жеткинчек кыздар жана 35-60 жашка чейинки ардагерлер катышууда.

Кыргызстандын атынан 17 спортчу барган. Кылымбек Мамытов 77 кг салмактык категория боюнча алтын уткан, ушул эле салмактык категория боюнча Азамбек Шамшиев коло медаль багындырган.

Максат Урмат уулу 62 кг салмактык категория боюнча мелдешке чыгып, күмүш тагынса, Нурсултан Жусупалиев (58 кг чейин) коло медалга ээ болгон.

Мелдеш 22-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий