Кыргызстандыктар ишеним телефону аркылуу жумушка орношуу боюнча кеңеш ала алышат

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумушка орношуу маселелери боюнча 1899 ыкчам түрдө кызмат көрсөтүүчү "Ишеним телефонун" ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгилей кетсек, аталган номер боюнча облус, район же шаар боюнча эмгек рыногундагы бош жумуш орундар жөнүндө кеңеш алууга болот. Ошондой эле тажрыйбалуу адистер сизге кесиптик билимди же квалификацияны кайдан алууга болорун айтып беришет.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, көбүнчө айдоочу, тигүүчү, курулуш адистиктерине, ашпозчу, эсепчи болуп жумушка орношууну суранышкан. Ар бир үчүнчү чалуучунун кесиби жок болчу.

Пикир

Оставить комментарий