• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктар каза болгон Россиядагы ири жол кырсыгынын себеби айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Россиянын Ульяновск облусунда 16 адамдын, анын ичинде 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон. Бул тууралуу Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русскихке шилтеме менен россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Белгиленгендей, Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгына себепкер болгон жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калган.

Губернатордун айтымында, фуранын айдоочусу жол кырсыгы болгонго чейин каза болгон.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан бүгүн автокырсыкка байланыштуу аза күтүүдө.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгү Ош аэропортуна алынып келет.

Пикир

Оставить комментарий