• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы автокырсыкта жабыркаган үч кыргызстандыктын экөө жалпы палатага которулду

Коом 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Россиянын Ульяновск облусундагы автокырсыкты жабыркаган үч кыргызстандыктын экөө жалпы палата которулду. Бирөө оң динамика менен РФнын Ульяновск облусундагы медициналык мекеменин реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Элчиликтин билдирүүсүнө караганда, аталган факты боюнча РФнын Тергөө комитети тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси "(Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иш-чараларын мындан ары комплекстүү, ыкчам жана объективдүү жүргүзүү үчүн Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы А.Бастрыкин окуянын бардык жагдайларын аныктоо менен, транспорт каражаттарынын техникалык абалы боюнча документтерди изилдөө, ошондой эле адамдарды коопсуз ташуу боюнча талаптардын сакталышын текшерүү менен бул кылмыш ишин аталган ведомствонун Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүүнү тапшырды.

Жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык жардам көрсөтүү Россия Федерациясынын Ульяновск облусунун Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучунун жеке көзөмөлүндө. Жабыркагандар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Ошол эле учурда абалы жакшырганына байланыштуу жабырлануучулардын экөө жалпы палатага которулду, бирөө оң динамика менен Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы медициналык мекеменин реанимация бөлүмүндө жатат.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Элчиликтин өкүлдөрү окуя болгон жерде РФнын Тергөө комитетинин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, 21-августта Ульяновск облусуна караштуу Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган.

Кыргызстанда бүгүн, 23-август – жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий