• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абу-Дабиде II глобалдык медиа конгресс өз ишин жыйынтыктады

Коом 0

Абу-Даби, 17.11.23. /Кабар/. Абу-Даби шаарында II глобалдык медиа конгресс өз ишин жыйынтыктады.

Ага дүйнөнүн 170 өлкөсүнөн 13 миңден ашык киши катышты. Алардын арасында 200гө жакын медиа тармагында иш жүргүзгөн белгилүү бренддер, телеканалдар, радио, маалымат агенттиктери жана гезит-журналдардын өкүлдөрү бар.

Быйылкы медиа конгресстин өзгөчөлүгү журналистика тармагында окуган студенттердин көп келишинде болду. Алар үчүн социалдык медиада макала жасоо, эфирди уюштуруу, жаңы технологияларды туура жана эффективдүү колдонуу, жандуу маектер, белгилүү медиа адистер менен жолугуу жана алардын тажрыйбаларынан үйрөнүү сыяктуу башка окуу курстары орун алды.

Конгресстин ишине катышуу үчүн Кыргызстанда да делегация келген, алардын арасында жаш студенттер да бар.

Алардын бири Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенти Гүлнура Салиева. Ал мындай ири масштабдагы медиа конгресске биринчи жолу катышып жатат.

“Мага дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген медиалар өздөрүн бул жакта көргөзгөнү жакты. Ар бири өз алдынча уникалдуу жана кызыктуу болду. Эң негизгиси аларда кызыктуу бизнес-кейстери бар экен. Бул жерге келип катышуу биз үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Көп өлкөдөн дос күттүк. Медиа конгресс жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген дүйнөнүн төрт бурчундагы кесиптештерди бир жерге топтоду. Мен буга чейин журналисттик кесип өтө деле жакшы эмес деп ойлоп жүрчүмүн. Бирок, II глобалдык медиа конгресске катышкандан кийин кесибимди эч токтоосуз мындан ары жогорулатуу керек экенин түшүндүм. Бул конгресс бизге келечегибизди көрсөттү. Эгерде бул жашоодон кандайдыр бир ийгиликке жеткиң келсе, анда талыкпай эмгектенүү керек экенин билдим", - дейт студент.

Абу-Дабиге алгачкы жолу келген Гүлнура Салиева шаар ага абдан жакканын айтып, башка дүйнөгө түшүп калгандай сезимде болгонун жашырган жок.

"Чынын айтсам алгач таң калдым. Анткени, бул жерден башка бир дүйнөнү, келечекти, жаңы технологияны көрдүм. Бардык тараптан өнүккөн өлкө экен. Элдери меймандос жана жардамын аябайт. Мен мурда башка өлкөлөрдө дагы болгом, бирок бул жакта өзгөчө меймандос болушат экен. Алар бизди өздөрүнүн жакын тууганындай эле кабыл алды", - деген Гүлнура II глобалдык медиа конгресстин уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

II глобалдык медиа конгресске келип катышкандардан иш-чара кандай өткөнү жана эмне жыйынтыкка жетишкендиктери жөнүндө сурап көрдүк. Россиянын Sputnik медиа группасынын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Виктория Поликарпова медиа конгресс тууралуу мындай деди.

“Бул II глобалдык медиа конгресс биз үчүн абдан жемиштүү болду. Биздин медиа группа Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү маалымат агенттиктери менен макулдашуу жана түшүнүшүү боюнча бир нече меморандумга кол койдук. Биз ошондой эле атайын “Спутник PRO” окутуу программабыз жөнүндө айтып, аны алдыга жылдырдык. Бул жаш журналисттер, социологдор, жарнамачылар, тарыхчылар үчүн жаңылыктар кантип даярдаларын, тарых кантип жазыларын үйрөтүп, терең билим алгысы келгендер үчүн атайын курс болуп эсептелет. Видео клиптер кантип даярдалат жана социалдык тармактарда кантип таратыларын окутуп үйрөтөт. Бул биздин окутуп үйрөтүүчү курсубуз болуп эсептелет. Жалпысынан биз үчүн конгресс абдан жигердүү болду”, - дейт Виктория Поликарпова.

Спутник глобалдык медиа группасы берүүлөрүн дүйнөнүн 33 тилинде чагылдырат. Дүйнөнүн туш тарабынан 120дан ашык корреспондент күн сайын жаңылыктарды чагылдырып жана эксклюзивдүү материалдарды даярдашат. Ошондой эле ал 17 өлкөдө радио уктуруулар жүргүзүлөрүн кошумчады.

Эске салсак, II глобалдык медиа конгресс Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында 14-16-ноябрь күндөрү Эмираттардын маалымат агенттиги (WAM) жана ADNEC тобу тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий