• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Бишкектин Свердлов районунун акимиаты текшерүү иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана муниципалдык администрациянын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ ишкердиктин субъектилеринин арасында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы боюнча рейд өткөрдү.

Рейддик текшерүү учурунда «Баку» ресторанына санитардык нормаларды сактабагандыгы жана көңүл ачуу мекемелерине уруксат болгон деңгээлден ызы-чуунун деңгээлинин ашып кеткендигине байланыштуу КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык 3 миң сом айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий