Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алышат.

Бул жылы Курман айт майрамы 16-июнь дем алышка күнгө туура келгендиктен, 17-июнь өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет.


Курман айт майрамы — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири. Бул майрам Орозо бүткөндөн соң 70 күндөн кийин белгиленет. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Пикир

Оставить комментарий