• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстандыктар Кореянын Хамян округуна сезондук жумушка бара алат

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын Хамян округунун алмашуу жана кызматташуу боюнча департаментинин өкүлдөрү, айыл чарба жана мал чарба бөлүмүнүн башчысы Жонг Сун У башында турган делегация өкүлдөрү менен жолукту.

Кореядагы кыргыз элчилигинин маалыматына ылайык, тараптардын жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Хамян округу менен Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын ортосундагы достук алмашуу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында Кыргызстандын жарандарын беш айга чейинки сезондук айыл чарба иштерине жалдоо программасын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын 70 жаранын сезондук иштерге тартуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Жарандар айыл чарба продукциясын өстүрүү боюнча ишке тартылышат. Ошону менен бирге кореялык тараптын негизги шарты болуп контракт аяктагандан кийин жарандардын мекенине кайтып келүүсүнө кыргыз тарап кепилдик алат. Бул программа ийгиликтүү ишке ашырылган учурда Хамян округунун администрациясы жыл сайын кыргызстандыктарды сезондук иштерге тартат.

Элчи Исмаилова кореялык тарапка Кыргызстандын жарандарын убактылуу ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий