• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркияда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен кеминде 13 адам каза болду

Коом 0


Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Түркиянын түштүк-чыгышында орун алган нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен кеминде 13 адам каза болду. Анын бешөө жер төлөлөрдөн табылган. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

14-мартта Шанлыурфу шаарында жамгыр катуу жааган. Сел суулары провинциянын административдик борборунун бир катар көчөлөрүн жана проспектилерин каптаган.

“Вейсел Карани кварталындагы имараттардын биринин жер төлөсүнөн 5 адамдын сөөгү табылган, болжол менен алар сириялыктар болгон. Нөшөрлөгөн жаандан улам чыга албай, камалып калган шаар тургундарын аныктоо иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий