• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктар Латвиянын университеттеринде акысыз билим ала алат

Билим 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул: бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай), илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү, студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалымтты бул шилтемеден алсаңыз болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Латвия өкмөтү 2016-жылы октябрь айында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий