• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мамлекеттик буйрутма аркылуу илимий-изилдөө иштери боюнча конкурсту уюштуруу маселелери каралды

Билим 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-августунда Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана министрликтердин өкүлдөрү менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

post.title

Жолугушууда мамлекеттик органдарда түзүлгөн илимий-техникалык кеңештерден түшкөн мамлекеттик буйрутма аркылуу илимий-изилдөө иштери боюнча конкурсту уюштуруу маселелери каралды.

Г. Билбаева 2019-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынынын чечимине ылайык учурда илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик буйрутма боюнча илим-изилдөө иштерин аткарып жатканын, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө Билим берүү жана илим министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте тыгыз кызматташуусу зарыл экенин баса белгиледи.

Катышуучулар мамлекеттик буйрутма, мамлекеттик органдарда түзүлгөн илимий-техникалык кеңештерди түзүүдөгү жана аталган кеңештердин ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөр тууралуу ой бөлүшүштү.

Жолугушууда илимди жаңы деңгээлге көтөрүүнүн стратегиялык максаты өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн талап кылынган экономиканын реалдуу секторун технологиялык жактан жаңыртууга илимдин салымын жогорулатуу экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий