• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандыктар Литва-Беларусь чек арасында тыгында калган. ТИМ кырдаал боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Литва менен Беларустун чек арасында жарандардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу боюнча комментарий берди.

Ведомстводон билдиришкендей, Литванын тышкы саясий ведомствосунун маалыматы боюнча, азыркы учурда улуттук коопсуздукту күчөтүү максатындагы маселелерге байланыштуу чек арада убактылуу жүк ташуучу автоунааларды бардык тармактарга өтүүсү өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Ошол эле учурда, Литванын тиешелүү кызматтарынын маалыматына ылайык, азыркы учурда чек арадан жүк ташуучу автоунаалардын өткөрүлгөн саны жогорулаганы белгиленип, Каменный Лог-Медниникай пункту бүгүнкү күндө 20га жакын жүк ташуучу унааларды бир суткада өткөрүүдө.

Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин маалыматына ылайык, азыркы учурда Литва-Беларусь чек арасында Кыргызстандын жарандарынын саны азайгандыгы байкалууда. Элчилик тарабынан аталган жагдай көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Литванын чек арасында 90дой кыргызстандык жана 70 жүк ташуучу унаа тыгында калганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий