• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар ноябрь айында 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.

"Быйыл бул күндөр ишемби жана жекшемби күндөрүнө туура келгендиктен Эмгек кодексине ылайык, дем алыш күндөрү автоматтык түрдө дүйшөмбү жана шейшемби (9 жана 10-ноябрь) күндөрүнө жылдырылат. Мындан улам 7,8,9 жана 10-ноябрда кыргызстандыктар эс алышат", - деп айтылат маалыматта.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү президенттин жарлыгы менен 2017-жылы бекитилген. Өкмөт тиешелүү токтомду 2018-жылдын аягында кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий