• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандыктарды Японияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Япониянын Шибата шаарынын мэри Каору Никайдо менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кыргызстандык жаштарды Ниигата Префектурасында жайгашкан Шибата шаарына жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бакыт Дарманкул уулу КР Эмгек министрлиги менен Япониянын Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана бакубатчылык министрлиги жана Япониянын улуттук полиция агенттиги менен кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий