• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандыктардын балдарын Россиянын мектептерине кабыл алуу маселеси ТИМ менен элчиликтин көзөмөлүндө

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын жарандарынын балдарын Россиянын билим берүү мекемелерине кабыл алуу маселеси Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө. Бул тууралуу ТИМдин Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында убактылуу жашап, иштеп жатышкан кыргыз жарандарынын кайрылууларына карата жооп берген билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматта белгиленгендей, август айынан баштап жогорудагы маселе боюнча кыргызстандыктардын арыздарынын көбөйүшүнө байланыштуу элчилик тарабынан Россиянын президентинин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуулар жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары, элчиликтин жетекчилиги тарабынан Россиянын тышкы саясий ведомствосу жана Россиянын президентинин администрациясы менен бир нече жолу консультациялар өткөрүлгөн.

Ошондой эле бул маселе 10-июлда Красноярскта өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россиялык комиссиясынын 25-жыйынынын жүрүшүндө россия тарап менен да талкууланган.

“Элчиликте бул көйгөйгө дуушар болгон Кыргызстандын жарандары менен бир нече жолугушуулар уюштурулуп, алардан түшкөн кайрылуулар Россия Федерациясынын тиешелүү органдарына ыкчам жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, элчилик WhatsApp мессенджеринде түзүлгөн топ аркылуу жарандар арасында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик балдарды билим берүү мекемелерине киргизүүдөгү кыйынчылыктар биринчи кезекте айрым мектептерде бош орундардын жоктугу менен шартталып жатканын белгиледи.

“Учурда Россия тарап менен түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштер уланууда”, - деп кошумчалашты ТИМден.

Маалымат үчүн: 2024-жылдын 18-сентябрына карата Москва шаарынын жана Москва облусунун билим берүү мекемелерине кирүү үчүн 224 бала кезекте турат.

Пикир

Оставить комментарий