• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстандыктардын криптоволюталарын уурдоого шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Криптоволюталарды уурдоого байланышкан трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, бир нече кибер кылмыш ишинин бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМ кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, алмаштырып беребиз деп алдоо жолу менен криптоволюталарга ээлик кылып алган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныкташты.

Учурда криптовалютаны сатуу жана сатып алууга жамынып, алдамчылык жолу менен белгисиз адамдардын ири көлөмдөгү санариптик активдерге ээ болуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү үч жаран кармалды.

Белгилүү болгондой жабырлануучулар автоунааларды сатуу менен, же WhatsApp, WeChat и Telegram мессенджер аркылуу ар кандай валюталарды (доллар, Юань) алмаштыруу менен алектенишип жүрүшкөн. Ал эми алардын кыймыл аракетин, ошол эле мессенджерлерде кара ниет адам сыртынан байкап, көзөмөлдөп жүргөн. Кийин аларды алдап кетүүнү көздөп, WhatsApp виртуалдык номерлерден байланышка чыгып унааларды сатууну же сатып алууну сунуштап, же крипто валютасынын чоң суммасын накталай акчага алмаштырууну сунуштап, ишеничке кирген.

Жабырлануучуларга ишеничке киргенин түшүнүп, карасанатай оюн ишке ашырынуу көздөп, "үч бурчтук" схемасын колдонгон, ар бири пайдалуу шарттарда өз пайызын алышмак. Бирок крипто капчык каражаттарды алгандан кийин, ал мурун жазган билдирүүлөрүн өчүрүп изин жашырып кеткен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө уурдалган крипто активдердин жайгашкан жерлери аныкталып, турган даректер боюнча аларды сактап калууга мүмкүн болду.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, аларды кармашты. Кармалгандардын жашаган дареги боюнча тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 21 блоктон турган СИМ-бокстор, Кыргызстандын уюлдук компанияларынын көптөгөн СИМ карталары, флеш карталар, хард дисктер, системалык блоктор, “Страж” үлгүсүндөгү тапанча, уюлдук түзүлүштөр, ноутбук жана банк карталары табылган.

Сим-бокс (SimBox)- бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү катары көрсөтүү үчүн колдонулган түзүлүш.

Учурда кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого багытталган кошумча ыкчам тергөө аракеттер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий