• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандыктардын сүймөнчүлүгүнө айланган Айпери Медет кызы тууралуу учкай маалымат

Спорт 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. 8 күндөн соң Парижде Олимпиада оюндары башталат. 11-августка чейин созула турган мелдеште спорттун 45 түрү боюнча спортчулар күч сынашат. Анын ичинде Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта Айпери Медет кызы килемге чыгат.

Алдыдагы беттештерди утурлай 25 жаштагы Айпери Медет кызы тууралуу учкай маалыматтарды сунуштайбыз.

Өмүр баяны: Айпери Медет кызы 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы спортко жакын. Улуу агасы көк бөрү ойносо, эжеси чуркоого кызыгат. Балбан кыз 14 жашынан тартып спорт менен машыга баштаган.

Айпери дарыгер болууну да кыялданган. Бирок жакындарынын колдоосу менен күрөш менен машыгуусун улантып кеткен. Машыктыруучусу - Нурбек Изабеков.

Жетишкендиктери:

  • Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Осло, 2021);
  • Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Белград, 2023);
  • Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси (Белград, 2020);
  • Жайкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Жакарта, 2018);
  • Жайкы Азия оюндарынын алтын медалынын ээси (Ханчжоу, 2022);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Нью-Дели, 2020);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Алматы, 2021);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Улан-Батор, 2022);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Астана, 2023);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Бишкек, 2024);
  • Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси (Конья, 2021).
  • Дүйнө чемпионатынын (U-23) алтын медалынын ээси (Белград, 2021)/

Мамлекеттик сыйлыктары: Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарында 5-орунду алгандыгы үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий