• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча турнир башталды

Спорт 0

Бишкек, 27.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жыл сайын өтүүчү өспүрүмдөрдүн республикалык здюдо боюнча турнири башталды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Жалпысынан 20 комплект медаль 3 жаш курагы боюнча ойнотулат: 2002-2003, 2004-2005 жана 2006-2007.

Турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан 600дөн ашуун спортчу катышат.

“Жылдан жылга дзюдо кеңири жайылууда жана бул кубандырат. Белгилей кетсек, бүгүн өзгөчө көңүл балдар спортуна бурулууда. Бул чемпионатты жаш спортчулардын деңгээлин көтөрүү максатында өткөрүп жатабыз”,- деп билдиришти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий