Акыркы жылдары Кыргызстанда энергетика тармагын модернизациялоо жана өркүндөтүү боюнча көп аракеттер көрүлүүдө. Жасалып жаткан иштердин аркасы менен айрым жылыштар болуп жатканы байкалат.
Токтогул ГЭСи техникалык реконструкциянын кезектеги баскычынан өттү.
Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун алкагында 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү жабдыктын модернизация иштери аяктаган.
Ал Кыргызстандагы керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыз кылууну ишенимдүү кылат. 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү жабдыгы 1974-975-жылдардан бери иштетилип келген.
Токтогул ГЭСинде станция иштеп баштагандан бер кубаттуулугу 400 МВА 4 блок трансформатор (500 кВ) орнотулган.
Ал трансформаторлор алмаштырылгандан кийин трансформаторлордун кубаттуулугу арткан (425 МВА чейин). Трансформаторлор заманбап диагностика жана жабдыктын абалын көзөмөлдөө системалары менен жабдылган.
Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин алкагында баардык 4 трансформатор алмаштырылып, 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү жабдык модернизацияланган. Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттарды алмаштыруу иштери башталган.
Энергетикалык эсептик борбор иштеп баштап, энергетика тармагында иштеген компаниялардын чыгымдарын оптимизациялоо жүргүзүлдү.
"Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААКта 2019-жылдын июль айынан бери көп иштер жасалды. Энергетикалык компаниялардан жөнөтүлгөн кызматкерлер менен компаниялар арасында дагы, дегеле жалпы энергетика тутуму боюнча электр энергиясына эсептешүү маалында баланс түзүү үчүн форма, таблица жана маалымдамаларды иштеп чыгуу боюнча жумуштар аяктап калды. Электр энергиясын каттай турган бириккен жабдууларды түзүү процесси учурда активдүү фазада, ошондой эле эркин баланс үчүн энергетика компанияларынан маалыматтарды чогултуу уюштурулду. Ата мекендик энергетика тутумундагы энергетикалык объекттер боюнча иерархиялык "дарак" түзүлдү. Мындан тышкары GIS картасына кошулган электр станцияларды жана кубаттуулугу 110-500 кВ болгон 197 көмөк чордонду туташтыруунун бардык каттоо чекити жана схемасы киргизилди.
"Энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн ишиндеги башкы багыттардын бири энергетика өндүрүшүнө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү болуп саналат. Бул учурдагы ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, энергетикалык компаниялардын ишинин ачыктыгын камсыздоого жана муну менен катар коррупциялык тобокелдиктерди болушунча кыскартууга шарт түзөт. Энергетикалык эсептөө борборун иштетүү Кыргыз Республикасынын Президентинин "2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагындагы маанилүү долбоорлордун бири", - деген "Кыргыз энергетикалык эсептик борборуна" барган биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
"Кыргыз энергетикалык эсептик борборун" ишке киргизүү өлкөнүн бүтүндөй энергетика тутумунун тактыгын жана ачыктыгын камсыздайт. Өлкөдө биринчи жолу түзүлүп жаткан бирдиктүү эсептөө борборунун таасирин энергетика рыногунун бардык катышуучулары сезишмекчи. Көз карандысыз эсептөө борборунун иши энергетикалык компаниялардын ишин жакшыртып, электр энергиясын жоготууларды кыскартат.
2020-жылы кыргыз энергетика тутумунун электр энергиясынын дүң рыногунун иши үчүн негиз жана шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөрү пландалууда.
Мындан тышкары жыл аягына чейин маалыматтарды жыйноону тездетүү максатында жалданма компаниялардын колдоосунда ишкананын кызматкерлери программалык камсыздоо боюнча балансты түзүү жана электр энергиясын жоготууларды эсептөө үчүн программаны орнотуу жана жумушчуларды каттоого, кошуу жабдууларын, негизги жабдыктардын схемаларын жана көрсөткүчтөрүн программага киргизүүгө окутуу максатында бөлүштүрүүчү компанияларга барышат.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынды.
КР президентинин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына комментарий берип жатып мындай деген: "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү инвестициялык ишмердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү карайт, анткени инвесторлор үчүн айырмачылыгын толуктап берүү коэфициенттери кайрадан каралып чыкты". Ал мыйзамга президент тарабынан кол коюлган.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн белгилешкендей, Мыйзамдын максаты энергетика тармагында экономикалык жана уюштуруучулук укуктук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө түз инвестицияларды тартуу, бул тармакты мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Энергетика Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат.
Чакан ГЭСтер ассоциациясынын төрайымы Эльвира Боромбаева белгилегендей, аталган мыйзамдын үстүндө үч жылга жакын иш жүргүзүлгөн.
"Экономиканы өнүктүрүү үчүн чакан суу энергетикасы абдан маанилүү. Биз суу ресурстарынын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турабыз. Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында биринчи кезекте биздин экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү өнүктүрүү зарыл, бул – кошумча өнөр-жай объектилери, жумуш орундары, элдин бакубатчылыгын жогорулатуу. Үзгүлтүксүз энергия кубаттуулугун ташып жеткирүү мүмкүн эмес", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий