Кыргызстандын 2023-жылдагы эң мыкты салык төлөөчүлөрү аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы өлкөдөгү эң мыкты 12 салык төлөөчүнү аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, сыйлык тапшыруу аземи 1-июлда КР Салык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлдү.

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө сертификаттарды жана төш белгилерди тапшырды.

Ведомство башчысы ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө ыраазычылыгын жана терең урматтоосун билдирди.

"Салык кызматынын милдети бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жана адилеттүү салык салууну түзүү, ал эми ишкерлер өз кезегинде биздин өлкөнүн мыкты келечегин куруудагы бизге колдоо көрсөткөн өнөктөшүбүз", – деп белгиледи Алтынбек Абдувапов.

Экономиканы өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүгө активдүү катышкандыгы, 2023-жыл жана 2024-жылдын беш айындагы иштердин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн төмөндөгүлөр Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүлөрү болуп аталды:

Өндүрүш жана курулуш чөйрөсүндө - "Росс-Прокат КейДжи" ЖЧК, "СЖС Бишкек" ЖЧК, "Пэйнто"ЖЧК;

Соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - "BM Technologies" ЖЧК, "Декодер+" ЖЧК, "Спортмастер Кыргызстан" ЖЧК, жеке ишкер Асаналиева Дилбара Өмүргазиевна, "Кыргызгеофизика" АК, жеке ишкер Кадыржанов Тариэль Сыргабекович, жеке ишкер Толкумбаева Атыркуль Бердугуловна, жеке ишкер Рыскулбеков Тилек Жанаевич, жеке ишкер Имашов Ильчибек Дүйшөнкалыйович.

Пикир

Оставить комментарий