• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Статком Кыргызстандагы балдардын жакырчылыгына баалоо жүргүздү

Экономика 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Улутстаткомдо мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасындагы балдардын көп өлчөмдүү кедейчилик индексин жана балалыктын негизги көрсөткүчтөрүн баалоонун жыйынтыктары боюнча семинар болуп өттү.

Улутстаткомдун аппаратынын жетекчиси Эльмира Алымкулова иш-чараны ачып жатып, семинардын максаты бул балдардын абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы балдардын кедейчилигинин көп кырдуу индексине мониторинг жүргүзүүнүн инструменттери жөнүндө маалыматтардын обзору экенин белгиледи.

«Буга чейин Улутстатком абсолюттук кедейчиликтин көрсөткүчтөрүнүн эсептөөлөрүн жүргүзүп келген, бирок республика туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерди алгандан кийин андагы милдеттердин бири бардык курактагы эркектердин, аялдардын жана балдардын кедейчилиги боюнча үлүшүн эң аз дегенде жарымына чейин кыскартуу болуп саналган, 2030-жылга карата улуттук аныктоолорго ылайык, Улутстатком кедейчиликтин көп кырдуу индекстерин эсептөөгө жана эл аралык тажрыйбаны изилдөөгө киришти» - деп баса белгиледи ал.

Өз кезегинде социалдык саясат боюнча ЮНИСЕФтин программасынын жетекчиси Гүлсана Турусбекова ЮНИСЕФтин Улутстатком менен көп кырдуу кедейчиликти баалоо,

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун кызматкерлери катышуучуларга балдардын жана өспүрүмдөрдүн демогрфиялык өзгөчөлүктөрү, алардын ден соолугу, билими, социалдык жактан корголушу жана укук бузуулар боюнча маалымат беришти.

Жыйынтыгында айтылган маалыматтар боюнча пикир алмашуулар болду, бир катар суроолор берилдижана аларга Улутстаткомдун кызматкерлери жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий