• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандын 3 аймактык аэропорту жаңы сатып алынган учактар менен каттамдарды кабыл алууга даяр

Коом 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын "Казарман", "Жалал-Абад" жана "Кербен" аймактык аэропорттору жаңы сатып алынган учактар менен каттамдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропртунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Аэропорттун басма сөз кызматынан "Кабар" агенттигине биринчи учак сентябрда келери жана анда биринчи ички каттам пландалып жатканын билдиришти.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов КР Жарандык авиациясынын директору Данияром Бостонов менен биргеликте "Казарман", "Караван" жана "Жалал-Абад" аймактык аэропортторунун ишке киргизүүгө даярдыгын текшерди.

"Бүгүн биз аталган аэропорттордун коопсуз жана натыйжалуу иштөөсү үчүн аэронавигациялык бардык стандарттарды сактоого даярдыгын кылдат талдап чыктык. Текшерүүнүн максаты өткөн жылы сатылып алынган жаңы учактарды расмий ишке киргизүүгө даярдык көрүү болуп саналат", - деди Самидинов.

Ал белгилегендей, "Казарман" аэропортунда терминалды жасалгаланып, учуп-конуу тилкеси толугу менен жаңыртылды, ошондой эле "Кербен" аэропортунун рулеждук жолчолору жана учуп-конуу тилкелери толугу менен жаңыртылды, ал эми "Жалал-Абад" аэропортунда 2024-жылы учуп-конуу тилкеси толугу менен алмаштырылды.

"Жакын арада башкармалыктын "Асман Эйрлайнс" туунду авиакомпаниясынын учактарынын келиши күтүлүүдө жана биз жергиликтүү багыттарга каттамдарды баштоону пландап жатабыз. КР жарандык авиациясы алгылыктуу өзгөрүүлөрдун алдында турат", - деди Манасбек Самидинов.

Пикир

Оставить комментарий