• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү – Айыл чарба министрлиги максаты жана милдеттери тууралуу

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү жөнүндө” президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын максаты жана милдеттери тууралуу айтып беришти.

Документтин максаты 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган милдеттерди чечүү, агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу болуп эсептелет.

Негизги багыттары жана милдеттери:

Жарлыкта негизинен 5 багыт тандалып алынган, бул багыттар боюнча 25 милдеттер коюлган, анын ичинен:

1. Айыл чарбаны өнүктүрүү жана аны мамлекеттик колдоо багыты боюнча 13 милдет, алардын негизгилери чарба жүргүзүүчү субъекттеридин биригүүсүн стимулдаштыруу, жеңилдетилген насыяларды алууну жана жерлерди которууну (трансформациялоону) жөнөкөйлөштүрүү, агроөнөр жай ишканаларын колдоо, органикалык өндүрүшүнүн аянтын 3 эсеге көбөйтүү, мамлекеттик банктарда долбоордук каржылоо системасын киргизүү, жайыттарды жакшыртуу, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү, балык продукциясын өндүрүүнү жогорулатуу, агрокамсыздандыруу системасын киргизүү.

2. Ирригация тармагын өнүктүрүү багыты боюнча 4 милдет, алар айыл чарбасында сууну сарамжалдуу колдонуу, тамчылатып, жамгырлатып сугаруу усулдарын киргизүү, жер алдындагы суулардын скважиналарын инвентаризациялоо, ички чарбалык ирригациялык объекттерди мамлекеттик менчикке этап менен берүү, артезиан скважиналарынын лицензиясын жоюу.

3. Азык-түлүк коопсуздугу маселелери, кайра иштетүү өнөр жай комплексин, кооперацияны өнүктүрүү, машина- трактордук станцияларды (МТС) түзүү багыттары боюнча 3 милдет, аларга азык-түлүк коопсуздугу институтун түзүү, 2040-жылга айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү көлөмүн 50 пайызга жеткирүү, 40 машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштуруу.

4. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо багыты боюнча 1 милдет, ал 2030-жылга экспорт көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү.

5. Илим, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн билим денгээлин жогорулатуу, алдынкы, прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү багыты боюнча 4 милдет, алар “Агрардык илим – агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн негизги фактору” долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, агроөнөр жай комплексинин адистерин сапаттуу даярдоо, жаш адистерди заманбап лабораториялык жабдуулар менен иштөө үчүн окутуу, фермерлерди ыкчам маалыматтарга жетишүүсүн камсыз кыллуу.

Күтүлүүчү жыйынтыктар:

Жарлыкты ишке ашыруу ири товардык өндүрүштү жандандырууга, агроөнөр жай комплексинин өндүрүштүк дараметин жогорулатууга, жеңилдетилген каржылоону ири товардык өндүрүшкө багыттоого, жаңы прогрессивдүү, инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүүгө, кайра иштетүүнү жана айыл чарба азыктарынын экспортун кескин жогорулатууга шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий