• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын аймагында 14-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 14-июнда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, өлкөнүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад обустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Талас облусунда +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +27...+29 градус ысык болот.

Бишкекте абанын температурасы +31...+33 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий