• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 30-ноябрда күндүз жана 1-2-декабрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11° суукка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий